Жакында «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын (ӨЭБ) башчысы болуп мурдагы орун басары Сейдалиев Мурадин Авасович дайындалды.

Мурадин Сейдалиев – шаардын суу дүйнөсүндөгү легендасы, өз ишинин мыктысы жана чебери. Анткени ал өзүнүн 40 жылдан ашуун өмүрүн калааны суу менен жабдуу системасына арнаган.

Анын эмгек жолу 1980-жылы «Фрунзешаарсууканал» башкармалыгында оңдоо-техникалык тейлөө жана жабдууларды башкаруу цехинде мастер болуп иштеген. Бир жылдан кийин тазалоочу курулмалар бөлүмүнүн инженери болгон. 4-участоктун начальниги болуп иштеген, биологиялык тазалоо цехин, өндүрүштүк-техникалык бөлүмдү (КТБ) жетектеген, андан кийин Шаарканализация ишканасынын башчысы болгон.

1989-жылы өнөр жай ишканаларын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын пайдалануу менен алектенген "Таза суу" кооперативинин төрагасы болгон. Кийинчерээк "Таза суу" ижара ишканасынын дирекциясына чакан жана орто тазалоочу курулмаларды пайдалануу боюнча мүчөсү болуп иштеген.

1993-жылдан 2001-жылга чейин "Ак-жол" биргелешкен ишканасынын директору болуп эмгектенген.
2001-жылы Мурадин Сейдалиев «Бишкексууканал» башкармалыгынын "Бишкексууканал" аэрация станциясынын ишканасын, андан кийин ишкананын өзүн жетектеген.
2008-жылдан баштап "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеген.
Ал көптөгөн грамота, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланган.

Мурадин Сейдалиев, биз сизге жана сиздин командаңызга чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Белгилей кетсек, аталган ишканада 1 500 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. Аларга 1 488 км суу түтүк тармактары, 713 миң метр канализация, 35 суу чыгаргыч, жогорулатуучу насостук станция жана тазалоочу курулмалар карайт. Андагы бир күндөгү сууну өндүрүшү 380 миң кубометрди түзөт.

Эмгек жамааты дээрлик 90 жылдан бери шаар тургундарын ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы менен күнү-түнү үзгүлтүксүз камсыз кылып келет.

 Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!