Мэриянын стационарлары шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Шаардыктар оорудан сакайып башташты. Стационарларда бейтаптар азайды, кээ бир стационарларда бейтаптар жок.

Кечээ күндүзгү стационарлар 733 адамды, түнкү стационарлар 42 адамды кабыл алды.

Стационарлар Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо алгоритми менен иштеп жатышат. Акыркы күндөрдү каза болгондор катталган жок.

Чыгымдарды оптималдаштыруу жана адам ресурстарын үнөмдөө үчүн бейтаптар аз келген стационарлардын иши убактылуу токтотулду.

12-кичи районундагы «Набайкана» муниципалдык ишканасынын базасында ачылган стационар күнү-түнү иштей баштайт.

«Аламүдүн-1» кичи районундагы №38 мектептин базасына ачылган күндүзгү стационар, CONSUL ресторанындагы жана «ДСК» спорт комплексинде түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл алууну токтотту.

Бардык медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка буюмдар дезинфекциядан өткөрүлдү.

Калган стационарлар штаттык режимде иштеп жатат. Биз кайрылуулардын динамикасын байкап жатабыз.

Белгилей кетсек, учурда шаардыктарга 137 адам медициналык жардам көрсөтүп жатат: 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар.

Бир айдын ичинде күндүзгү стационарлар 88 миң 668 адамды, түнкү стационарлар 9 миң 203 адамды кабыл алды. Жалпысынан түнкү жана күндүзгү стационарлар 97 миң 891 адамга медициналык жардам көрсөтүп, 503 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, июль айынын биринчи жарымында 14 адам каза болду. Алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар! Өз алдынча дарыланбаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!