Урматуу шаар тургундары! Гидрометборбордун билдирүүсү боюнча, калаада жакынкы сааттарда жана кечке маал туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрди түзөт.

Сураныч, үйдө болуңуздар! Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды унааларын бак-дарактардын жана жеңилдетилген объектилердин  алдына токтотпоого чакырат.

Эгерде сиздер кулаган бак-дарактарды көрсөңүздөр “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасына 0770 830006 номерине билдириңиздер.

Абайлаңыздар! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!

Кырсык болгон учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 ыкчам чараларды көрүү кызматына кайрылып, сүрөт, видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарым!