Кала башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жѳѳ жүргүнчүлѳр аймагынын курулушу жүргүзүлүүдѳ. Коопсуз аймакты уюштуруу үчүн мурда мыйзамсыз басып алынган же берилип кеткен жерлерди шаарыбызга жана шаардыктарга кайтаруудабыз.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери муниципалдык жерге мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдѳ.

Биз Абдрахманов (Байтик Баатыр), Ахунбаев кѳчѳлѳрү, Манас, Чүй проспектилери чектешкен чарчы боюнча вело жол жана тротуардын курулушу үчүн жерди бошоттук. 90 мыйзамсыз орнотулган объект түрттүрүлдү.

Мыйзамсыз орнотулган капиталдык курулуштарды, күркѳлѳрдү, жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери улантылууда. Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле санитардык нормаларды сактооңуздарды ѳтүнѳбүз! Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектини кѳрсѳңүздѳр, бузуунун сүрѳт жана видеофактыларын 0703633833 (Алина) номерине жиберсеңиздер болот. Ошондой эле Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы социалдык тармактарда: Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg

Биз дайыма байланыштабыз! Ѳзүңүздѳрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!