Мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында санитрадык эрежелерди катуу сактоо менен Москвада өткөн Олимпиадалык оюндардын  40 жылдыгынын урматына туу көтөрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага оор атлетчи, Олимпиаданын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана оор атлетика боюнча Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, башкармалыктын башчысы Нурлан Токоноев катышты.

Каныбек Осмоналиев бардык бишкектиктерди маанилүү күн менен куттуктап, жаш спортчулар,  дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, эл аралык турнирлердин байге ээси Бегай Бейшеналы кызы жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук команданын мүчөсү, эл аралык спорт чебери Марлен Асыкеев Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүштү.

Ошондой эле, К.Осмоналиев шаардык спорт башкармалыгына Новосибирск областтык "Карелин-фонд" коомдук фондунун башчысы,  үч жолку Олимпиада чемпиону Александр Карелиндин жана 41-армиянын дене тарбиясынын башчысы полковник Иван Кувырзиндин атынан жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Жеке коргонуу каражаттары машыктыруучуларга жана башкармалыктын инструкторлоруна бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек,  1980-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары кыргыз спорту үчүн олжолу болгон, андан биздин спортчулар 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалын алып келишкен.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!