Бул окуу жылы балдар жана ата-энелер үчүн өзгөчө болуп калды. Пандемияга байланыштуу мектеп окуучулары аралыктан билим алып, сынактарды өтүп, окууга тапшырууга даярданышат.

Бишкекте быйыл 6 миң 592 бүтүрүүчү мектепти бүтүп, 13 миң 310 өспүрүм 9 классты аяктайт.

Азыркы учурда КР билим берүү жана илим министрлигинде негизги жалпы жана орто билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүү жана билим берүү тууралуу документтерди берүү жөнүндө маселелер чечилүүдө.

Бул жылы Бишкекте өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга 164 жана 313 өзгөчө үлгүдөгү күбөлүк алууга (9-класс) талапкер катталган, ал эми алар үчүн тестирлөө 2020-жылдын 29-майына пландалууда.

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 20-июндан 25-июнга чейин кадимки тартипте, бирок санитардык эрежелерди бекем сактоо менен өткөрүлөт.

Урматтуу ата-энелер! Мектепке балдарды электрондук каттоо бир этап менен жүргүзүлөт: 2020-жылдын 15-февралдан 15-августка чейин. Биринчи класстын окуучуларын кабыл алуу үчүн 17 миң 737 окуучуга. Орточо эсеп менен ар бир класска 36-45 квота бөлүнгөн.

Урматтуу окуучулар! Сиздерге алдыдагы сынактарыңыздарга ийгилик каалайбыз! Суранабыз! Санитардык ченемдерди сактаңыздар! Өзүңүздөргө жпна жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!