Балдар жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский, Эмгек кодексинин 326 - беренесинин 2 - пунктуна жана 82 - берененин 12 - пунктуна ылайык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен кызматынан бошотулду.

Буга ылайык, эмгек келишими мөөнөтүнө карабастан жана себебин билдирбестен токтотулушу мүмкүн. Өз кезегинде мурдагы директорго мыйзамдын негизинде компенсация төлөнүп берилет.