Бүгүн мэриянын жыйындар залында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы эл аралык программаларынын өкүлдөрү менен  (ПРООН, ЮНФПА, ЮНИСЕФ, ВОЗ) жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, КРдеги ЮНИСЕФ кеңсесинин жетекчиси Юкиэ Мокуо, БУУ-айымдар программасынын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нургүл Асылбекова, ЮНФПА калк фондунун өкүлү Медер Омурзаков, Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков жана бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Оскон Молдокулов катышты.

Сүйлөшүүдө мэриянын негизги суроолору болгон - шаар экологиясы, билим берүү маселеси, гендердик теңдик, ден-соолук, коопсуз шаар жана жаңы конуштар маселелери талкууланды.    

Бишкек – сүйүктүү шаарым!