Биринчи май району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында башчынын биринчи орун басары А.Малдыбаевдин төрагалыгы астында башчынын орун басарлары, райондук кызматтардын жетекчилери, МАБдардын башчыларынын катышуусу менен кезектеги кеңешме өттү.

Жыйында, райондун аймагында коомдук-саясий абал тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн өкүлүнүн жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматы угулду, көрүстөндөрдүн аймагын ирээтке келтирүү, өтүүчү майрамдык иш чараларга даярдыктар жана өрткө каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маселелер каралды.

Жыйынтыгында, РИИБине коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлүшүн, райондук билим берүү борборуна мектептерге “электрондук жазылуу” тууралуу ата-энелерге түшүндүрмө иштери жүргүзүлүшүн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларына квартал жана үй комитеттеринин башчылары менен биргеликте, өрткө каршы эрежелерин сактоо боюнча жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана социалдык өнүгүү башкармалыгына Оганстандан советтик аскерлерди чыгарылышына 30-жылдыгына карата иш чара жогорку деңгээлде даярдалышы жөнүндө тапшырмалар берилди.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!