“Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын адистери таштанды челектери менен спорттук тренажорлорду кайрадан оңдошту.

Мындай окуялар биринчи жолу болгон жок. Убак - убагы менен улам-улам бузулган тренажорлор мэрия тарабынан оңдолуп турат.
 
Аталган спорт инвентарлары шаардыктар жана сейил бактын меймандары үчүн атайын орнотулган. Кыш күнүнө карабастан активдүү шаардыктар ден-соолугун чыңдоо максатында спорт менен машыгып келишет.  

Ардактуу шаардыктар!  Калаабыздын мүлкүнө  аяр мамиле жасоого өтүнөбүз.  

Бишкек – спортту сүйгөн сүйүктүү шаарым!