“Красный Строитель” конушунда  17-декабрдан 21-декабрга чейин жылуулук берүү токтотулат.

Авариялык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ОсОО “Газпром Кыргызстан” газ берүүнү  убактылуу токтотот, бул кырдаалды эске алуу менен “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы “Красный Строитель” конушунда  жылуулук энергиясын берүүнү токтууга мажбур.
“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.