Бишкек шаарынын Ленин районундагы №50 орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” антитеррордук бөлүгүнүн жоокери, лейтенант Маманов Гапар Калычбековичтин элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Муниципалдык администрациясынын башчысынын Биринчи орун басары ЧынасылЧыныбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары А.Кожобеков, Г. Мамановду окуткан мугалимдер, классташтары, туугандары жана достору катышышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Г.Мамановдун эстелик тактасы орнотулду.

Маманов Гапар Калычбекович 1989-жылдан 1998-жылга чейин №50 орто мектебинде билим алган.    

Окуу мезгилинде мектепте өткөрүлгөн коомдук иштерге активдүү катышып, өзүнүн мыкты жүрүш турушу менен айырмаланып, спорттук мелдештерге активдүү катышып, бир нече жолу ардак грамоталарга, сыйлыктарга ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” антитеррордук бөлүгүнүн жоокери, III даражадагы “Манас” орденинин кавалери Маманов Гапар Калычбековичтин жаркын элеси ар дайым  жүрөгүбүздө сакталат.