Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Ленин районундагы №68окууу-тарбия комплекс мектеп гимназиясынын 30 жылдык мааракеси белгиленди.  

№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси мындан 30 жыл мурда, 1988-жылы сентябрь айында классик акын Алыкул  Осмонов атындагы орто мектеп эле. Кыргыз  элинин   залкар  жазуучусу  Чыңгыз Айтматов      мектептин  ачылышында Кыргыз элинин  билим уясы кут болсун  деген  аруу  тилектер менен лентасын  кескен.

Мектеп 1998-жылы гимназия статусуна, 2008-жылы гимназия окуу – тарбия комплекси статусуна ээ болду. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Инновациялык мектеп” статусу ыйгарылган. Азыркы учурда мектепте 1916 бала билим алууда. Мугалимдер жамаатында 108 мугалим иш алып барса, алардын ичинен 21 мугалим билим берүүнүн отличниги, 15 мугалим шаардык “Жылдык мыкты мугалими” конкурсунан1-2-3-орундардын жеңүүчүсү.

Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” Канымжан Жусупбековна №68 мектепти жетектеген мезгилден тартып өнүгүү жолуна багыттоо менен көптөгөн ийгиликтерди жаратты.

Жыл сайын жүздөгөн жаштар мектепти аяктап турмуш жолуна аттанып, ийгилиги менен мектебин даңазалап келет.

Иш-чарага Муниципалдык администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, Бишкек шаардык мэриясынын  Билим берүү башкармалыгынын, Ленин райондук Билим берүү борборунун, ЖОЖнын  өкүлдөрү, Ленин райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Муниципалдык администрация Башчысы мектеп гимназиясынын мыкты мугалимдерин Муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйлады жана ошондой эле мектеп жетекчилерине керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 30 миң сомдук сертификат тапшырды.  

Иш-чара мектеп жамааты жана окуучулары тарабынан даярдалган  концерттик программа менен коштолду.