Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаар аймагында жайгашкан муниципиалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоо боюнча пландык рейд ѳткѳрүүдѳ.

Инвентаризациянын жүрүшүндѳ  Ден-Сяопин проспектиси №119 дарегинде жалпы пайдаланууга берилген жерге  темир тосмо орнотулгандыгы аныкталды.  Түшүндүрүү иштеринен кийин аталган даректин ээси ѳз ыктыяры менен тосмону алып салды.

Лев Толстой жана Достоевский кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги  ВЛЭП коргоо аймагында жана жылуулук трассасында тиешелүү уруксат документтери  жок  220 тонналык контейнер коюлгандыгы аныкталды. Буга байланыштуу бузууларды четтеттүү эскертүүсү берилип, түшүндүрүү иштеринен кийин ээси тарабынан аталган контейнерлер алынды.

Ошондой эле Гагарин жана Алымкулов кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги  жалпы аянты 15 метр чарчыны түзгѳн  «Жетиген» дүкѳнүнүн  жанында жайгашкан соода күркѳсү жана Калык Акиев 121 дарегигинде жайгашкан үйдүн батыш жагында  жайгашкан 8 гараж алынган.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ  Жал-23 кичирайонундагы  №10 үйдүн  жанында женилдетилген типтеги объект коюлган. Архивдик материалдарды жана тиешелүү кагаздарды иликтѳѳ учурунда балдар аянчасына берилген жерге коюлганы анык болду. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштеринен кийин объект ээсинин ѳз ыктыяры менен алынган.