Бишкек шаарынын мэриясы шаардын санитардык абалын жакшыртуу үчүн күн сайын текшерүүлѳрдү жүргүзѳт.

Кезектеги текшерүү Октябрь райондук администрациясы райондун ИИБнын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борборунун, КРнын Ѳкмѳтүнѳ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана №6 муниципалдык аймактык башкармалыктын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳткѳрдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тигүү материалдарын ѳртѳѳ фактылары аныкталды. Аныкталган фактылар боюнча административдик укук бузуу жѳнүндѳ протоколдор түзүлдү. Бул багыттагы иштер администрация тарабынан улантыла бермекчи.

Ошондой эле, социалдык тармактарда  Ибраимов жана Күрѳңкеев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар тарабынан арыкка таштанды ташталган видео кайрылуу Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан каралып, Турдубеков Эрлан аттуу жаранга белгиленбеген жерге КТК таштоого жол бербѳѳ эскертүүсү берилди.

Урматтуу шаар тургундары! Экологияны коргоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясы тигүү калдыктарын, унаа камераларын жана башка таштандыларды ѳрттѳбѳѳгѳ чакырат. Ошондой эле, ѳрттѳѳ, белгиленбеген жерге таштанды калдыктарын таштоо фактылары боюнча Whats App колдонмосу аркылуу тѳмѳнкү номерлерге билдирсеңиздер болот.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!