Жаңы 2019-жылды тосуунун алдында Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн бир нече кызыктуу жана пайдалуу иш-чараларды уюштурат.

1-декабрдан тартып жаңы жылга карата эң мыкты кооздолгон район, жаңы конуш, имарат конкурсу башталды.
Конкурс шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында ѳткѳрүлүүдѳ.

Жаңы жылдык конкурсту Бишкек шаарынын мэриясы уюштуруп, арыздарды 31-декабрга чейин кабыл алат.

Конкурска Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, чарба субъектилери, жеке ишкерлер, турак жай ээлеринин шериктештиктери, үй жана кварталдык комитеттер жана МАБдар катыша алышат.

Урматтуу шаар тургундары! Жаңы жылдык конкурска катышыңыздар. Баарыбыз биргеликте жаңы жылдык маанай тартуулайлы. Конкурс жана номинациялар боюнча тѳмѳнкү шилтемеден тааныша аласыздар: http://www.meria.kg/ru/post/17638.

10-декабрда Медеров жана 7-апрель кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды. Балаты базар 2018-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

21-декбрдан 23-декабрга чейин Курманжан Датка эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке уюштурулат. Жаңы жылдык кѳргѳзмѳ-жарманкеде үйбүлѳңүздѳргѳ, досторуңуздарга  жаңы жылдык белектерди сатып алсаңыздар болот. Ошондой эле, жарманкеде Кыргызстан, Ѳзбекстан, Казакстан, Турменистан ѳлкѳлѳрүнүн чеберлеринин иштери кѳрсѳтүлѳт.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын концерттик программасы менен коштолот.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды жаңы жылдык жарманкеге чакырабыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!