Бишкек шаарынын мэриясы №7 кичирайонунун тургундарын райондун 50 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Октябрь райондук администрациясы тарабынан мааракеге арналган майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарада район тургундарын Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Музуралиев жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов куттукташты.
Турак-жай ээлеринин шериктештигинин жана үй, квартал комитеттеринин тѳрагаларына Октябрь райондук администрациясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Ошондой эле тургундарга кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.