Капиталдык оңдоо иштеринен кийин 7-апрель кѳчѳсү унаа кыймылы үчүн ачылды.


Бир нече айдан бери аталган кѳчѳдѳ жол катмарын алмаштыруу, оңдоо иштери жүргүзүлүп, алгач Чүй проспектисинен Анкара кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүн батыш тарабы, андан кийин чыгыш тарабы оңдолду.


Оңдолгон кѳчѳнүн узундугу 2  км 200 метрди түзѳт. Аталган иштер "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жаңы жол катмары тѳшѳлүп, жаңы жээк таштар орнотулду.


Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.