Боробор калаада “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын “Ротор” отканасында реконструкция өткөрүлдү. Откананы ишке киргизүү иш-чарасына шаар мэри Азиз Суракматов, КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору  Абдыкалык Рустамов катышты.


“Ротор” отканасында   жалпы  кубаттуулугу  саатына 25 Гкал түзгөн от казандар  орнотулду. Анын ичинен: буу менен иштеген 2 от казан агригаттары, жаратылыш газы менен иштөөчү,  2 көмүр менен, 2 газдалган жана суюк отун менен.


Атайын долбоорго   ылайык,  UNIGAS италиялык жылытуусу менен 5,0 МВт эки газ мазуттук Эренсан EUROMAX 5000/6 от казаны орнотулган кошумча имарат курулган. Бул отказандар зарыл болгон учурда суюк отунда да иштейт. Мындай жол менен отканада жаратылыш газын,  көмүрдү жана күйүүчү отунду   кошкондо альтернативалык түрдөгү отун менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле  эки насос, эки  пластикалык жылуулук алмаштыргычтар 5000 кВт, бийиктиги  22м  жана 1000мм диаметриндеги өзүнчө түтүн түтүкчөлөрү орнотулган. Бардык орнотуулар  жана ички курулуш иштери “Бишкекжылуулукэнерго” комуналдык   ишканасы өз күчү менен бүткөрдү.


Реконструкциялоодон кийин откананын жалпы кубаттуулугу көбөйтүлдү жана  Жал кичи району сапаттуу жана  туруктуу жылуулук менен камсыздалды.


Шаардын экологиясын жакшыртуу максатында жана  жылуулук энергиясынын өздүк наркын, жаратылыш газына болгон чыгымдарды азайтуу жолу менен “Ротор” отканасын  реконструкциялоо  доолборуна  Чүй-Бишкек-Талас жергиликтүү  айлана- чөйрөнү коргоо фондунан  жана Токой чарба өнүктүрүү тармагынан  12,0 млн. сом бөлүнгөн. Азыркы учурда долбоорду пландоо жана жабдууларды тапшырууга европалык (Чехия) күн панелдеринин  бардык топтомуна жана ылайыктуу жабдуулары менен  долбоорлоо ишин аткарууга тендерлер өткөрүлгөн. Бугүнкү күндө  ишкана  долбоорду ишке ашырууга даяр.


Маалымат: “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, Жал кичи районунун отканалары “Ротор”, “Джал”, “ЦСАД”, жана “Джал-29” 13 321 адам жашаган 124 көп кабаттуу турак-үйлөрдү жылуулук энергиясы  жана ысык суу менен камсыздайт.  №72, 80, 95 орто мектептер; №185 бала бакча; КНВЛ жана НЦОМид жылуулук берилет. Абоненттердин санынын (өздүк эсеби) 7018 түзөт, жалпы аянты - 424 970 м2. Жал кичи районунда 24,1 км диаметри 50мм ден 5000мм ге чейинки суу түтүктөрү эксплуатацияланууда.”Джал” жана “Ротор” отканаларына 1988 жана 1992-жылдарда  эксплуатациялоо иштери жүргүзүлгөн.