Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында административдик комиссиянын кезектеги жыйыны ѳткѳрүлдү.

Жыйынга акимиаттын ѳкүлдѳрү, Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору, Бишкек шаарын боюнча МСЭКБ жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышышты.

Административдик укук бузуу боюнча 24 протокол каралып, Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү эрежесин бузгандыгы жана белгиленбеген жерге таштанды таштагандыгы үчүн КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488, 489 беренелери боюнча «Импер строй» ЖЧКсынын директору И.  Анарбек уулуна, «Накта»  ЖЧКсы  күрѳканасынын ээси Б.Жаныбек уулуна,  «Зам-Зам» интернет клубунун жетекчиси Засулину О.А. коомдук иштерге тартуу менен айып пул салынды.

Административдик комиссияда жалпысынын 32 200 сом административдик айып пул түштү. Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов, тел: 0550 173 170.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.