БИШКЕК ШААРЫНЫН СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК СИТЕМАЛАРЫН РЕАБЛИТАЦИЯЛОО ДОЛБООРУ – II ФАЗА

PIP 1.3b  3 трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу менен 10 кВ жогорку вольттуу линияны куроо (10 кВ – 2 өтмө жана 1 туюк)

Бул тоорукка катышууга Чакыруу ЕРӨБдүн “Сатып алуу жөнүндөгү кабарлоо” бетиндеги веб-сайтында жайгашкан бул долбоор боюнча сатып алуу жөнүндөгү 2015-жылдын 11-февралындагы (www.ebrd.com) жалпы кулактандыруусуна ылайык чыгарылды.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (ӨЭБ), мындан ары – “Иш берүүчү” Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоорун - II фаза каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынын көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын бөлүгүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынан башкаруучулук кылган  Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү (СЕКО) тарабынан көрсөтүлгөн гранттын каражаттарынын бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.

Сатып алуучу муну менен кредиттин жана гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланган төмөнкү келишимдер боюнча тоорукка катышууга табыштамаларды берүүгө жеткирип берүүчүлөрдү чакырат:

3 трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу менен 10 кВ жогорку вольттуу линияны куроо (10 кВ – 2 өтмө жана 1 туюк)

Банктын кредит каражаттарынын жана СЕКОнун грантынын эсебинен каржыланган Келишим боюнча тендерге каалаган өлкөнүн компаниялары катышуу укугуна ээ.

Келишимди алуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөндөгү көрсөтүлгөн минималдык квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1. Жалпы тажрыйбасы жана шилтемелери
а) Генералдык подрядчы катары акыркы 3 жыл ичиндеги орто жылдык товар жүгүртүүсү (кезектеги жана бүткөрүлгөн жумуштардын төлөмү үчүн эсептердин суммасы) жылына 120 000 Евро болушу керек.
б) Негизги подрядчы катары акыркы 3 жыл ичинде сунушталган контракт менен көлөмү жана татаалдыгы боюнча салыштырууга мүмкүн болгон  3төн кем эмес контрактыны ийгиликтүү аткаргандыгы жөнүндө тажрыйбасы.

2. Кызматкерлердин квалификациясы
Тооруктун катышуучусу төмөнкү позициядагы квалификациялуу кызматкерлердин тизмесин көрсөтөт, ар бир кандидат минималдуу талаптарга дал келиши керек.
Долбоордун/курулуштун менеджери – жалпы стажы 5 жыл, туура келген
кызмат орду 2 жыл
Башкы инженер - жалпы стажы 5 жыл, туура келген кызмат орду 2 жыл
Участоктун начальниги - жалпы стажы 5 жыл, туура келген кызмат                                             орду 2 жыл
Подрядчы Заказчы менен орус тилинде сүйлөшүшү керек жана керек болгон учурда ишти аткаруунун бардык мезгилинде квалификациялык котормо менен камсыздап турушу керек.

3.Лицензия
Тооруктун катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул иштин түрүн аткаруу укугуна колдонуудагы лицензиясы болушу керек.
4.Финансылык абалы:
Тендердин катышуучусу башка контракттар боюнча подрядчынын милдеттенмелерин эске алып, 20 000 Евродон кем эмес эсептелген 4 ай ичиндеги акча агымдарын жабууга мүмкүн болгон ликвиддик активдери, кредиттик линиялары жана башка финансылык каражаттарына кирүүгө мүмкүндүгү же бар экендигин көрсөтүшү керек. Тооруктардын жергиликтүү катышуучусу салык жана социалдык фонд боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалыматты, бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, аудитордук отчетторду ж.б. көрсөтүшү керек.   Подрядчы аудит тарабынан (салык же аудитордук компания тарабынан) текшерилген узак мөөнөттүү рентабелдүүлүк жана жакшы финансылык абалды көрсөткөн, акыркы 3 жыл ичиндеги киреше жана чыгашалар жөнүндөгү бухгалтердик балансты жана отчетту көрсөтүүгө милдеттүү. Керектүү учурда Заказчы Арыз ээсинин Банкынан керектүү суроо-талапты алса болот.

5.Жабдыктар:

Тооруктун катышуучусунун менчигинде иш абалында турган же (III бөлүм, Квлификация, таблица 2.6) минимум катары жабдыктардын төмөнкү булактарынын түрү бар же кирүүгө мүмкүндүгү болушу керек. Тооруктун катышуучусу ушуну тендердин тиешелүү түрүнө кол коюу жолу менен ырастоосу керек, мында милдеттенмелерге ылайык, бул контракт боюнча жабдыктарды пайдалануу жеңил болот.
Тооруктун катышуучусу сунуштаган, пайдаланууга ниеттенген жабдыктардын тизмесин көрсөтүшү керек. Ушундай эле тооруктун катышуучусу сунушун түшүндүрүү менен бирге бул контрактыны аткаруу үчүн альтернативдик же кошумча жабдыктарды көрсөтүшү керек.

6.Консорциум же биригүүгө юридикалык жактардын өнөктөштүгү боюнча чен белгилер (КБӨ):

Эгерде тендердик табыштамалар КБӨ катары берилсе, анда төмөкү квалификациялык талаптарга дал келиши керек, бул учурда:
а) КБӨнүн негизги компаниясы жогоруда 1 квалификациялык чен белгиде көрсөтүлгөн, минимум үч (3) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары тажрыйбасы болушу керек.
b) КБӨнүн негизги компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык чен белгилердин жетимиш (70) пайызына дал келиши керек.
с) Ар бир өз алдынча компания КБӨ боюнча жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык чен белгилердин отуз (30) пайызына дал келиши керек.

Эгерде жеткирип берүүчү эки же андан көп адамдан турган биргелешкен ишкана болуп эсептелсе, анда бардык жактар Иш берүүчүнүн келишиминин шарттарын аткарууга милдеттенмелердин бирдей жоопкердүүлүгүн мойнуна алат, эгерде башкалар Сынактын жалпы шартында (СЖШ) көрсөтүлбөсө. Биргелешкен ишкана бир катышуучуну биргелешкен ишкананын атынан лидер катары чыгууга ыйгарым укук берет. Биргелешкен ишкананын Уставы же курамы иш берүүчүнүн алдын-ала макулдугу жок өзгөртүлбөшү керек.

Тендердик документтерди 3010 (үч миң он) сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз чогултулган төлөмдөн кийин төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча алсаңар болот. Чогултулган сумма төмөндө көрсөтүлгөн “Бишкексууканал” ӨЭБнын алыш-бериш эсебине котрулушу керек.

Бенефицарий банкы
р/с 1091820102890180
БИК 109018
ОАО “Оптима Банк”, Бишкек, Кыргыз Республикасы
SWIFT:ENEJKG22
Chips UID:416502
Ортомчу банк
Standard Chartered bank, Нью-Йорк, США
SWIFT:SCBLUS33
р/н: 3582023671001

Төлөмдү күбөлөндүргөн документти көрсөткөндөн кийин тооруктун потенциалдуу катышуучусуна ушундай эле сынактык документтердин комплектисинин көчүрмөсү электрондук формада ага жиберилет.

Табыштамалар 2018-жылдын 28-ноябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14.00дөн кечикпестен төмөнкү көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирилиши керек, качан аларды тооруктун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачарда, калоочулар бул учурда катышса болот.

Сатып алуунун колдонулган эрежелери Банктын сатып алууларынын принциптери жана эрежелери болуп эсептелет, аны

http://www.ebrd.com/news/publications/procurement-policies-and-rules.html

шилтемеси боюнча тапса болот.

Тооруктун (сынактын) потенциалдуу катышуучулары кошумча маалыматтарды алса жана сынак документтери менен таанышса болот, ошондой эле аны төмөнкү дарек боюнча алса болот:

“Бишкексууканал” ӨЭБы
Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү
720023, Бишкек
10-кичи район, 35-үй
3-кабат, 307-кабинет
Тел.: +996 312 542119
e-mail: piu bvk@mail.ru