Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери улантылууда.


Жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча КЭР тарабынан кайтарымсыз негизде берилген гранттык каражаттын эсебине «Бишкек шаарынын кѳчѳ-жол тармагын ѳнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Медеров жана Токтоналиев кѳчѳлѳрүндѳгү капиталдык курулуш жана жолдун курулушуна тоскоол болгон Оренбург кѳчѳсү №57 дарегиндеги 25 х 3 метр чарба курулушу түрттүрүлдү. Түрттүрүү иштерин  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.


Тоголок Молдо кѳчѳсү №194 турак үйүнүн маңдайына ѳз билемдик менен, тиешелүү уруксат документтерисиз 7х3,50 метр ѳлчѳмүндѳгү бышкан кирпичтен дүкѳн курулган. Аталган бузууга башкармалык тарабынан эскертүү берилди. Ал эми курулуштун ээси тарабынан тиешелүү уруксат документтери кѳрсѳтүлбѳгѳндүктѳн «Тазалык» МИнин кызматкерлери менен түрттүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Сагындык уулу Азамат, тел: 0772 91 25 84.

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.

Снонс Токтоналиева.mp4 http://download.files.namba.kg/files/181478642 

УЗС_Демонтаж_Т_Молдо_видео  http://download.files.namba.kg/files/181478652