1-октябрь Карылар күнүнүн урматына Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган бир нече иш-чара ѳткѳрүлѳт. Иш-чараларга 3 миң 585 улуу муундун ѳкүлү катышат.


21-сентябрдан 28-сентябрга чейин карылар үчүн «Ардагер» геронтологиялык борборунда №10 орто мектептин окуучуларынын концерттик программасы тартууланып, майрамдык түшкү тамактануу уюштурулат.


30-сентябрда Бишкек шаардык жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесинде концерттик программа менен тамактануу уюштурулат. Тургундар үчүн КРнын чек ара кызматынын ансамбли, №48 мектеп-гимназиясынын «Добуш» музыкалык тобу концерттик программа тартуулашат.


1-октябрда саат 11:00дѳ Ленин районунун карылар үйүндѳ майрамдык түшкү тамак менен концерттик программа уюштурулат.
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 28-сентябрда саат 11:30 да Ленин районунун 300 аз камсыздалган жана ардактуу ардагерлери үчүн майрамдык концерт ѳткѳрүлѳт. Ошондой эле, администрация 90 жаш жана андан  узак жашаган, 50 жаш жана андан жогору бирге ѳмүр сүргѳн 17 түгѳйдү куттукташат. Аларга бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтүлѳт. Жалпысынан 802 улуу муундун ѳкүлүн камтылат.


Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык театрында райондун 755 карысы жана 50, 60, 65 жыл бирге ѳмүр сүргѳн 25 түгѳй үчүн белектерди тапшыруу менен концерттик программа ѳткѳрүлѳт. Ошондой эле, акимиат 100 жана жана андан жогорку жаштагы 2 узак жашаган карыга белектерди тапшыруу, материалдык жардам кѳрсѳтүү менен куттуктайт. Улуу Ата мекендик согуштун 276 ардагерине бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтүлѳт.


Октябрь районунун Карылар күнүнѳ арналган иш-чарасы 28-сентябрда саат 10:00дѳ райондук администрациянын чоң залында 50 жыл бирге ѳмүр сүргѳн «Алтын түгѳйлѳр» үчүн белектерди тапшыруу менен концерттик программа уюштурулат. 80 жаш жана андан жогорку пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам берилет.


Биринчи май районунун карыларын куттуктоо иш-чарасы 28-сентябрда саат 10:00дѳ «Сейтек» борборунда 862 адамга бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтүу менен концерттик программа тартууланат. Ошондой эле, 100 жаш жана андан узак жашаган карылардын үйүнѳ материалдык жардамдар жеткирилет. Мындан тышкары, «Алтын түгѳйлѳргѳ» материалдык жардамдар кѳрсѳтүлүп, белектер тапшырылат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков. Тел.: 62-37-73, 62-42-24, 0558 60 01 01.

Свердлов районунун Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Джунусалиева Жамиля Базарбековна, тел:  53-03-68.

Биринчи май районунун Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдрахманов Болот Усеналиевич, тел: 67-04-33.
Октябрь районунун Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Султанмуратова Рейна Абаскановна, тел: 51-02-63.

Ленин районунун Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мамбетсеитова Ажара Бейшебаевна, тел: 65-37-46