Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 26-сентябрда  Үсөнбаев көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү автоунаалардын кыймылы үчүн жабылат.


Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында бул бөлүктө жылуулук түйүнү коюлат.


Иштер берилген ордердин негизинде “Импульс Ош” компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, 15-ноябрга чейин уланат. Жер иштерин бүткөрүлгөндөн кийин бөдрөтчү көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүүгө милдеттендирилген.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.