Калаанын Свердлов районунда ириигациялык түйүндѳрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. 2018-жылдын май айында Свердлов райондук администрациясы тарабынан райондун аймагындагы жана «Чыгыш - 5», «Чыгыш - 6» кичи райондорунун ички ирригациялык түйүндѳрүн капиталдык оңдоо боюнча долбоор иштелип чыккан.


Бүгүнкү күндѳ «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары  тарабынан Герцен кѳчѳсүнүн Түгѳлбай-Ата кѳчѳсүнѳн №11 орто мектептин футбол талаасына чейин ирригациялык түйүндѳрдү алмаштыруу боюнча ондоо-калыбына келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдѳ.


Мурда Түгѳлбай-Ата кѳчѳсүнүн Гоголь кѳчѳсүнѳн Сүйүнбаев кѳчѳсүнѳ чейин 228 погондук метр ирригациялык түйүн оңдолгон.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын байланыш номери: 37-53-30.


Свердлов райондук администрациясынын номери: 36-07-07, башчысы Болотбеков Самарбек Болотбекович 0557883030.