“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына  жана залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жарыялаган.

“Тил жана Айтматов” үч айлыгынын планынын негизинде ар бир билим берүү уюмдарында конференция, семинар, тегерек стол, көркөм окуу, дубал гезиттердин кароо-сынактары өткөрүлүп жатат.

2018-жылдын 21-сентябрда Октябрь райондук Билим берүү борбору тарабынан Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын колдоосу менен элибиздин эн белгиси болгон Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына жана Ала-Тоодон ааламга үн салып, адамзаттын Айтматовуна айланган, улуу жазуучубуздун 90 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов»аттуу  иш-чара  Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында болуп өттү.

Бул иш-чарага Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Ринат Айтымбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет-тик тил боюнча улуттук комиссиясынан ѳкүлү, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, башкы адис Жайнагүл Сапалова, Октябрь районун баардык билим берүү борборунун башчысы Кульжан Алжанбаева, бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана тарбиячылар, райондун тургундары жана шаардык меймандар катышышты.    

Ошондой эле 2018-жылдын 17-сентябрында Биринчи май районуна караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринин жетекчилери, кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдери жана окуучуларынын катышуусу менен № 78 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалиминин “Чыйыр башаты” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеге, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү жана компьютерлештирүү бѳлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Жазмакер”уюмунун төрайымы Жумагүл Газыбаева, акын Манат Бообекова, “Манас” коомунун мүчөсү  Замира Жантаева сыяктуу акындар конок болуп, кыргыз тили жөнүндо ырлардан көркөм окуп беришти. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө окуучуларга кызыктуу окуялардан айтып берип, поэзия кечеси мыкты деңгээлде өттү.