Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Азиз Суракматовдун жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилерине кезектеги пландык жыйын ѳткѳрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндѳ Санитардык-экологиялык инспекциянын, «Бишкекжашылчарба», «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларынын иштери жана Бишкек шаарынын мэриясынын соттук процесстери жѳнүндѳ маалымат талкууланды.


Санитардык-эколгиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов санитардык тазалык боюнча рейддин жүрүшүндѳ 201 башаламан таштанды ташталган жер аныкталып, анын ичинен 193 жоюлганын билдирди. Ошондой эле, 4307 чарба субъектиси текшерилип, 2983 чарбага эскертүү  берилген. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча 2476,0 млн. сом айып пул салынган.


«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын иштери боюнча доклады менен ишкананын директору Алымжан Рыскулов чыгып, үстүбүздѳгү жылы 986 ийне жалбырактуу кѳчѳт, 3 миң 452 чоң жалбырактуу дарак, 1 миң 427 бадал отургузулганын белгиледи. Шаардык клумбаларга 1 345 140 бир жылдык гүл, 20 940 роза жана 120 000 баш жоогазын отургузулган. Дэн-Сяопин проспектиси жана Садыгалиев кѳчѳсүнүн кесилишине, Байтик Баатыр жана Сүйѳркулов кѳчѳлѳрүнүн кесилишине  гүл бакча курулду. Жал-23 кичи районуна, 12-кичи районго, Ибраимов кѳчѳсүнүн Масалиев жана Шералиев кѳчѳлѳрүнүн кесилишине гүл бакча куруу иштери башталды.
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Аскат Түлѳбердиев Бишкек шаарынын борбордук бѳлүгүн деталдык пландаштыруу долбоорунун даярдыгын, долбоордун иштелип чыккандыгын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнѳ киргизилерин  маалымдады.


Аталган пландык жыйындын жыйынтыгында  Бишкек шаарынын мэри Азиз Сракматов тарабынан шаардын кѳрктѳндүрүү эрежелерин сактоо боюнча шаар тургундары менен толук иш жүргүзүлбѳгѳндүгү үчүн инспекциянын башчысы Данияр Сулаймановго сѳгүш, ошондой эле, калаанын тѳрт акимине эскертүү берилди.


Муниципалитеттин басма-сѳз кызматы