«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 25-сентябрда «Аэропорт» суу алгычын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу саат 9:00дѳн 16:00гѳ чейин калаанын айрым кѳчѳлѳрүндѳ ичүүчү суу токтотулат.


Ичүүчү суу Ч.Айтматов, Л.Толстой. Панфилов, М.Горький кѳчѳлѳрү чектешкен турак райондо берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.


Диспетчердик кызматтын номери: ":  44-96-45, 44-95-97.