Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 7-сентябрда газ өтүүчү түйүндөрдү төшөөгө байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.


Аталган бөлүктө 2018-жылдын 5-сентябрдагы №296 ордерине ылайык «Спецметмонтаж» ЖЧКсы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Оңдоо иштери ушул жылдын 21-сентябрына чейин улантылат.


Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана жол тыгынына кабылбоо үчүн алдын ала жол тандап алууларын суранат.