Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, 23-сентябрда борбор шаарыбызда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык жарым марафон өткөрүлөт.

Спорттук иш-аранын башталышы саат 9:00.


Иш-аранын уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана «Эл аралык марафондун жетекчилиги» коомдук бирикмеси.


Старт жана финиш аянты: Арча-Бешик жаны конушундагы «Газпром» спорт комплекси, Шербет кѳч. 46/1.


Төмөнкү чуркоо дистанциялары каралган: жарым марафон 21км 97м, 10000 м жана 3000 м.


Профессионалдык спортчулар жана башка өлкөлөрдөн чуркоону сүйүүчүлөр катышат.


Марафондун максаты – Кыргыз Республикасынын борбору  - Бишкек шаарын массалык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу, инфраструктурасы массалык спорттук мелдештерди өткөрүүчү заманбап шаар катары көрсөтүү, сергек жашоону жайылтуу, калкты спортко жана физикалык машыгууга тартуу жана үндөө, эл аралык спорттук мамилелерди өнүктүрүү, Кыргызстандын күчтүү марафончуларынын атын чыгаруу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди тартуу.


«Эл аралык Run the Silk Road марафондун жетекчилиги» ѳзүнүн биринчи марафонун Ыссык-Кѳл аянтында 2012-жылы 26-май айында өткөргөн, ал иш-чарада дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 900 жакын чуркоочу катышканын белгилеп кетүү керек. Ошондой эле, 2014-жылдан баштап чуркоочулар гана эмес,  вело спортун сүйүүчүлѳр да «Кара-Булак тоолуу марафонуна» катышышкан. Бул спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Женил атлетика федерациясынын жардамы менен өткрүлөт.
Маалымат: Марафон – бул жѳн гана спорт эмес, бул өлкөнүн туристтик потенциалын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк. Бүт өнүккөн өлкөлөрдө жыл сайын миңдеген чуркоочулар жана күйөрмандар марафонго чогулушат.


Биринчи шаардык жарым марафон ар кайсы тилде сүйлөгөн, ар түрдүү маданиятты жактаган, бирок спортту бирдей сүйгөн элдерди чогултууга арналган. Он миңдеген чуркоочуларды чогулткан, дүйнөгө белгилүү Франкфурт, Токио, Нью-Йорк марафондоруна шыктандырылып, бүт дүйнөгө Бишкек – динамикалуу өнүгүп келе жаткан, сергек жашоого умтулган шаар катары көргөзүү.


Марафон боюнча кеңири маалымат runthesilkroad.com баракчасында.


Суроолор боюнча +996 312 88 64 10 телефон номерине кайрылыңыздар