Бүгүн  2018-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев  жарандык коомчулуктун өкүлдөрү  Анара Дауталиева жана Калича Умуралиева менен жолугушту.


Жолугушуу учурунда биринчи  кезекте  борбор шаардын сейил бактары жана скверлери  маселеси талкууланды,  сейил бактар аймагындагы  батуттардын иштеп жатышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе каралды. Калича Умуралиева  муниципалдык аймактарды батуттардан жана  теннис столдорунан  тазалоо зарыл деп эсептейт.  Сейил бактарда жана скверлерде орнотулган үйлөмө конструкциялар гүлзарларды жана көк майсаңдарды зыянга учуратып жаткандыгын белгилейт. Көпчүлүк үйлөмө аттракциондордун ээлери муниципалдык аймактарды  уруксат документтери  жок пайдаланышат,  санитардык ченемдерди сакташпайт жана   адамдардын коопсуздугун дайым эле камсыздай алышпайт.  Ошондой эле  муниципалдык жер участокторун ижаралык пайдаланууга  берүү механизмдери жөнүндө маселе көтөрүлдү.


Калича Умуралиева  Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү  менен биргелешип  сейил бактардын жана эс алуу жайлардын  аймактарын жакшыртуу боюнча  тегерек столдорду  уюштурууну сунуштады. Балбак Түлөбаев  бул демилгени колдоого алды жана  аталган тема  боюнча тегерек столду уюштурууда жана өткөрүүдө биргелешкен иштердин маанилүү экендигин белгиледи.  Борбор шаардын аппарат жетекчиси  мындан ары  жарандык активисттер менен тыгыз кызматташуу ордо калаанын муниципалитетинин  иш-аракеттеринин  артыкча маанилүү багыттарынын бири боло тургандыгын өзгөчө белгиледи.  Шаар мэриясы тарабынан активисттер менен биргелешкен  иштерди уюштуруу боюнча  бардык зарыл чаралар кабыл  алына тургандыгын кошумчалады.


Бүгүнкү жолугушуу учурунда  активист  Анара Дауталиева  дагы бир маанилүү маселе,  билим берүү мекемелеринде  балдарды тамактандыруу маселесин көтөрдү. Бул маселени  талкуулоонун жүрүшүндө Ленин райондук билим берүү борборунун №2 мектебинде жана №28 мектепке чейинки балдар мекемесинде балдарды тамактандырууну  күтүүсүз  текшерүү жүргүзүү    чечими кабыл алынды. Шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргелешип ордуна баруу менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мектептерде, балдар мекемелеринде колдонууга жол берилбеген тамак-аш продуктуларынын категориялары бюнча бир катар  тартип  бузуулар   белгиленди. Мектепте химиялык жана даамдык кошулмалары бар газдалган суусундуктарды, тоңдурмаларды жана  мармеладдарды саткан фактылар жана  жыйырма күндүк мектеп аш тизимине  туура келбеген учурлар белгиленди.


Бул   текшерүүнүн  жыйынтыгы боюнча Балбак Түлөбаев  тийиштүү шаардык кызматтарга №2 мектептеги  тамактандыруу боюнча тартип бузууларга карата зарыл чараларды  кабыл алуу боюнча тапшырма  берди жана алардын жеке жоопкерчиликтерин белгиледи.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча азыркы учурда  мектеп окуучулары  күнүнө бир жолу  бир адамга 14 сом эсебинде акысыз тамактанышат. Мектеп тамагынын аш тизимине  ар түрдүү дан өсүмдүгүнөн буламык, таттуу чай же  кургатылган жемиштерден компот жана  кондитердик азыктар (кекс, вафли, печенья, булочка) кирет.