Кырчын жайлоосундагы «Бишкек ордо» этно-шаарчасында Бишкек шаарынын мэриясынын  Маданият башкармалыгынын алдындагы эл аспаптар оркестринин жана кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусунда ачык асман алдындагы концерт ѳткѳрүлдү.


Чыгармачыл топ белгилүү кыргыз жана чет ѳлкѳлүк чыгармаларды аткарышты. «Бишкек ордо» этно-шаарчасынын коноктору ырчылар менен чогуу ырдашып, жагымдуу маанайда кайтышты.


Концерттик программа 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Кѳлдүн жээгинде ѳтүп жаткан III Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюнунун алкагында ѳттү.