4-сентябрда Кырчын жайлоосунда III Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюнунун алкагында  Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Бишкек ордо» этно-шаарчасы ачылды.


Этно-шаарчанын ачылышында коноктор үчүн кыргыз мамлекетинин түзүлүшү жана «Бала бешикке салуу» театралдаштырылган кѳрсѳтүүсү кѳрсѳтүлдү.


«Бишкек ордо» этно-шаарчасынын айланасына кыргыз элинин жашоо турмушун чагылдырган 18 боз үй тигилди. Анын ичинен эки боз үйгѳ кѳргѳзмѳ уюштурулган. Биринчисинде кыргыз улуттук тамак-аштары коюлган, ал эми экинчисинде кѳчмѳндѳрдүн жашоосу чагылдырылган.


Ошондой эле коноктор этно-шаарчадан кѳл ѳнѳрчүлѳрдүн кѳргѳзмѳсүнѳ күбѳ боло алышты.