Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында мерчемделген иштерди жүргүзүп келет. Жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн мамлекеттик тилди окутуу боюнча окуу курстар жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлүп турат. 

Ошондой эле муниципалдык кызматчылар кыргыз тилиндеги сөздүктөр жана адабий китептер менен камсыз болуп турушат. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик сатып алуулардын мерчеми боюнча 30 комплект “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” (1-2-том) алынып, Бишкек шаарынын мэриясынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнө таркатылып берилген. Ошондой эле Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов 4 райондук администрацияны кыргыз тилиндеги сөздүктөр жана адабий китептер менен камсыздоо үчүн, тактап айтканда, “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” (1-2 том) 42 комплектке жана “Чынгыз Айтматов” (8 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы) 5 комплектке 2018-жылдын 19-августунда электрондук мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга сынак жарыяланган. Сынактын жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрү жана “Чынгыз Айтматов” (8 том) китептери 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата 4 райондук администрацияга таркатылып берилет.