Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 10 жол эрежесин бузуучу калаанын РИИБ жеткирилип, ошондой эле, 7 кылмыш ишинин бети ачылган.
Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникация Министрлигине караштуу мамлекеттик автомобиль жана суу транспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына аталганкоопсуз айлыгында  кичиавтобус айдоочуларына тийиштуу 17 протокол түзүлүп, 17 миӊ сом өлчөмүндөгү административдик айып салынган.
Ал эми шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 44 жол кыймыл эрежесин бузуу катталып, «Акжолтой», «Лига», «Куюн», «Мейкин», «Кара-Суу-Арго», «Кут-Консун», «Элек», «Академ-Транс-Сервис», «Ника-Плюс», «Байзак-Аска», «Дородой-Бис», «Бек-Тоо», «Спейсталс», «Галоп», «Восточный-Экспресс», «Юрам», «Батырхан-Мурагер» маршруттук каттам фирмаларынын айдоочуларына актылар түзүлдү.