Аталган факт боюнча жогоруда белгиленген даректин ээси Ж.Сопуевге департамент тарабынан 05.08.2014-жылдын №00074 “Алып салуу жөнүндө” эскертүүсү берилип, 29.08.2014-жылдын №126/14 РО протокол түзүлгөн.
Октябрь райондук сотунун №АП-1979/14 20-октябрь 2014-жылдын токтомуна ылайык Сопуев Жаныбек Атокурович административдик укук бузгандыгы үчүн 10 миң сом өлчөмдөгү айып салынып, мыйзамсыз курулган дубал бузулду.
Соттун токтомун аткарууда 2015-жылдын 17-февралында мыйзамсыз курулуш алынып салынды.