Бишкек шаарында Октябрь районунун "Таберик" залында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.

Көрүүчүлөргө «Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын мүлкү» деген темада видеоролик көрсөтүлдү.Мындан тышкары, коноктор үчүн ар түрдүү этностордун номерлерин аткаруу менен концерт уюштурулду.

Ошондой эле "Кыргыз руху", "Таберик" жана "Сувенир" сыяктуу ансамблдер талантын тартуулашты.