Ататүрк сейил багында интернационалист жоокерлердин мемориалында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг – реквием өттү.

Курман болгондорду эскерүүгө  Ооган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КР Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, БШКнын депутаты  Жаныбек Асанбеков,  Россиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Аскердик атташеси, полковник Игорь Довбня, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар  катышты.

Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү  бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып,  үч жолу залп менен ок атылды.

Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.

Маалымдама: Советтик аскерлердин чектелген контингенти Ооганстанга 1979-жылы декабрда киргизилип, дээрлик 10 жылдан кийин, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылып кеткен.

Ооганстанда 620 миңге жакын офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана солдаттар кызмат өтөшсө, анын 546 миңи согуштук аракеттердин түздөн-түз катышуучулары болгон. Советтик Куралдуу Күчтөрдүн орду толгус адам жоготуулары менен коштолгон алардын саны 14453 адамды түздү.

Ооган согушуна 7 миң 140 кыргызстандык катышып, алардын 252си согушта курман болсо, 1500ү ар кандай жараат менен кайткан, төртөө дайынсыз жоголгон.