Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында «Бишкек шаарынын 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылга карата милдеттер жөнүндө» Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Коллегиялык отурумга борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Токтосун Султанов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

2023-жылдын январь-декабрында Бишкек шаарында экономиканын оң өсүш темпи камсыз кылынды.

Акылбек Жапаров шаардын бюджетин көбөйтүү мүмкүндүгүн баса белгилеп, салыктык башкаруу, инвентаризациялоо, эсепке алуу, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын кошумчалады.

Бишкек ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалды эске алуу менен локалдуу жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруу, жылуулук менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Көрктөндүрүү, коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында муниципалдык инспекцияны түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Инспекторлорго атайын формалар жана 11 кызматтык электр унаалары берилди. Белгилей кетсек, инспекция тарабынан акыркы бир күндүн ичинде эле 500 миң сомго айып пул салынды.

«Тулпар» долбоорундагы мэриянын үлүшү 25% дан 50% га чейин жогорулады. 1-ноябрь 2023-жылга карата күнүмдүк акы төлөөнүн саны орто эсеп менен 180 миң болсо, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 400 миңге жетти.

Жол-транспорттук кырдаал, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуучу жана «Акылдуу жол чырактардын» ишин жөнгө салуучу кырдаалдык борбор куруу пландаштырылууда.

2024-жылы «Ак-Бата» кичи районунда 660 орундуу жалпы билим берүү мектебинин, №9 балдар искусство мектебинин, №1-интернаттын имаратына спорттук кошумча залдын жана №68-гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт. Билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Шаардыктардын жана борбордун конокторунун эс алуу зоналарын көбөйтүү максатында Ак-Босого конушунда 2,2 гектар жерге жана Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сейил бактары курулат.

Мындан тышкары, кошумча кызыл линиядан чыккан жерлерди аныктап, аларга жогорулатылган ижара акысын төлөтүү иштери жүргүзүлөт.

Жайкы мезгилде суунун тартыштыгын болтурбоо үчүн «Башкара-Суу», «Зонный» жана «ХБО» суу тосмолору реконструкцияланып жатат. «Орто-Алыш» суу сактагычында изилдөө иштери жүргүзүлүп, жасалма көлдөрдүн түбү тазаланды.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча шаардык мэрияга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде салыктык башкаруу, санариптештирүү иштерин күчөтүү, катализатору жок автомашиналар тарабынан атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруу боюнча талаптарды жана көзөмөл чараларын күчөтүү.