Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында, Ленинград блокадасынан аман калгандардын эстелигинин алдында Экинчи дүйнөлүк согушта Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып,   үч жолу  залп менен ок атылды.

Ленинград блокадачылары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев,  Коргоо министринин орун басары Эмиль Осмонов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана Бишкек шаарынын тургундары курман болгондорду эскеришти.

Митинг-реквиемдин аягында иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл чамбар коюшту.