Борбор калаада “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды  расмий  тапшыруу аземи   өттү.

Салтанаттуу аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ЕРӨБ директору Айтен Рустамова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза катышты.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында узундугу 10,5 метр болгон 124   кысылган жаратылыш газы менен иштеген  автобустар “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына тапшырылды. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.

"Бишкек автобустары" долбоору – бул жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик  имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP)  GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.

Белгилей кетсек, жаңы автобустар жарандарды ыңгайлуу жана ишенимдүү ташууну камсыздайт, ошондой эле транспорттук парктын экологиялык таасирин азайтууга жардам берет.

Борбор калаанын мэриясы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаар тургундарына бардык жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон күч аракетин жумшоодо.