31-декабрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болуп өттү.

Шаардыктарды жана конокторду жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты.

Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери тосуп алышты.

"Жаңы жыл Кыргызстандын ар бир жаранына, борбордун жашоочусуна жана анын конокторуна, ошондой эле ар бир үй-бүлөгө көптөгөн кубаныч, бакубатчылык, ден соолук жана жакшылыктарды алып келишин каалайм! Келгиле, биримдикте жана достукта, алдыга умтулалы!",- деди мэр.

«Жаңы жыл Кыргызстандын ар бир жаранына, борбордун жашоочусуна жана анын конокторуна, ошондой эле ар бир үй-бүлөгө мол кубаныч, бакубатчылык, ден соолук жана бардык жакшылыктарды алып келүүсүн каалайм! Келгиле, биримдикте, достукта алдыга умтулалы!”, - деди мэр.

Иш-чарада борбор калаанын мэри көркөм чыгармачылык сынагына катышкан Чынарбек кызы Назгүлгө 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Майрамдын кульминациясы укмуштуудай лазердик шоу болду.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу бишкектиктер!