Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалитеттин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Мэр чогулгандарды келе жаткан 2024-жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук каалап, Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттарын, Ардак грамоталарын жана күмүш төш белгилерди тапшырды.

Ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен:
- Рысмендеева Арынбүбү Турпаналиевна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын инженер-программисти;
- Байботоев Ормошбек Шайлообекович - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин муниципалдык менчикке мониторинг жана аналитика жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- Абдиев Дамир Кыдырмаевич  - Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын капиталдык оңдоо боюнча техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси.
Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:
- Усеналиева Сайкал Аскарбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун билим берүү башкармалыгынын окуу-тарбия иштери боюнча башкы адиси;
- Базарбаева Жазгүл Мелисбековна  - Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын юридикалык маселелер боюнча башкы адиси;
- Сыдыков Марс Мелисович - Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканансынын директору;
- Райымбекова Клара Октябровна - Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Байбориева Диля Жалиловна - Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын № 1 оранжерея чарбасынын башчысы;
- Турсункулов Элдосбек Камчыбекович - Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын машинист-асфальт төшөгүчү;
- Кожомбердиев Канатбек Калбаевич - Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын Свердлов участогунун санитардык тазалоо бөлүмүнүн айдоочусу;
- Турусбеков Марсель Эсеналыевич - Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Кулматов Эрбол Кенешбекович - Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жумушчусу;
- Токкожоев Руслан Рашидович - Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн башкы адиси;
- Мырзагелдиева Бактыгуль Калмановна - Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексууканал»  өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын   долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн начальниги;
- Джумалиева Джылдыз Каныбековна - Бишкек шаарынын Ленин  административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын даректүү социалдык жардам көрсөтүү, эсепке алуу, талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары төмөнкүлөргө тапшырылды:
- Жаналиева Назгүл Жеңишбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Таалайбек кызы Бактыгүл - Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси;
- Кудайбергенов Керимкул Каныбекович - Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысы;
- Султанкулова Асель Сабырбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар, экономикалык пландоо жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы;
- Казбек уулу Эржан - Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын наабайчысы;
- Эсенгул уулу Чынгыз- Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын электромонтёру;
- Мураталиева Аида Джанчарбековна - Бишкек шаарынын Свердлов административдик социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын компенсациялык, социалдык төлөмдөр жана жөлөк пулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
Бишкек шаарынын мэриясы сыйлык алган бардык кызматкерлерди сыйлыктары менен куттуктайт!