Бишкекте 2023-жылы шаардык спорттогу жетишкендиктери үчүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Салтанатта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев спорт коомчулугунун өкүлдөрүн куттуктады.

«Биз бул жерге чыныгы баатырларыбыздын эрдиктерин жана жетишкендиктерин дагы бир жолу даңазалоо үчүн чогулдук. Быйылкы жыл Кыргызстан, анын ичинде Бишкек шаары үчүн спорт тармагында жемиштүү болду деп ишенимдүү айта алам», - деп белгиледи мэр.

Спортчулар Бишкек шаарында бардык курактагы жарандар арасында спортту жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн борбор калаанын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

“Жылдын мыкты спортчусу” номинациясында жеңүүчүлөр:
1. Урайимов Сыймык – бильярд;
2. Пягай Богдан – таэквондо;
3. Абдувалиев Жалалидин – паратриатлон;
4. Тугай Мария – баскетбол;
5. Арваз Ахмади – бокс;
6. Талантбеков Акылбек – грек-рим күрөшү;
7. Талантбекова Арууке – ок атуу;
8. Сейдахматов Байымбет – тогуз коргоол;
9. Муратбек уулу Ишимбек – оор атлетика;
10. Нурматов Евгений – кол күрөшү;
11. Орозмаматов Адис – дзюдо;
12. Сагынбекова Жибек – шахмат;

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” номинациясында жеңүүчүлөр:
1. Мавлянов Акжол Даминович – бильярд жана велоспорт (бильярд) боюнча спорт мектеби;
2. Ташболот уулу Нуржигит – Р.Санатбаев атындагы спорт мектеби (күрөш);
3. Ханадеев Андрей – «Дельфин» спорт мектеби (партриатлон);
4. Каримбердиев Замир – спорттук оюндар боюнча спорт мектеби (футбол);
5. Моңолдоров Болот – күжүрмөн искусство спорт мектеби (бокс);
6. Альжанов Мирлан – «Ак Илбирс» спорт мектеби (грек-рим күрөшү);
7. Исмаилова Мэри – С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби (ок атуу);
8. Анарбаев Автандил – улуттук жана стол үстүндөгү спорттун түрлөрү боюнча спорт мектеби (кыргыз күрөш);
9. Баимов Нурманбет – оор атлетика боюнча спор мектеби (оор атлетика);
10. Алчинов Олег – стол тенниси, паралимпиада жана күч спорту мектеби (пара-кол күрөшү);
11. Дуйшеев Бакыт – «Олимп» спорт мектеби (каратэ-до);
12. Боргемикова Жылдыз – шахмат (шахмат) боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби;

Мыкты спорт ардагерлери:
1. Маматов Дайыр – шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби;
2. Султанова Зинаида Дмитриевна – С.Жуманазаров атындагы спорт мектеби;

Алиев Аман Эркинбекович (Октябрь району) «Мыкты инструктор» номинациясын жеңип алды.

«Мыкты дене тарбия мугалими» номинациясында Сусеева Лариса Мусаевна (Биринчи май району) жеңип алды.

«Мыкты муниципалдык аймактык башкаруу» номинациясын №18 МАБ алды.

«Мыкты билим берүү уюму» номинациясы №95 мектеп-гимназиясына (Ленин району) берилди.

«Жаштардын мыкты өкүлү» номинациясы Жумаматова Гулмира Каимовнага (ЭИТУнун  чыгармачыл индустрия мектебинин директору) ыйгарылды.

«Мыкты медиа өкүлү» номинациясын журналист Бакыт Шукуралиев ("АКИpress" маалымат агенттиги) алды.
Бишкек шаарынын мэриясы сыйлык ээлерин  татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт.