Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучулары үчүн балаты өттү.

Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап,  чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдарга бий номерлери менен жаңы жылдык жомок көрсөтүлдү. Концерттен кийин кичинекей бишкектиктерге жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынан, интернационалист-жоокерлерден, жетим жана жарым жетим балдар, 12 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептердин тарбиялануучулары, 28 бейөкмөт уюмдардын 1000 баласы мэрдин балатысына чакырылган.

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 12 миң балага жаңы жылдык белектер берилди, анын ичинде 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетимдер, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн балдары жана ошондой эле  28 балдар коомдук уюмдарынын жана шаардын 15 билим берүү уюмдарынын окуучулары.