Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда экинчи ачык Бишкек Дельфий оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземге эл аралык Дельфий  комитетинин директору Владимир Понявин, КР Дельфи комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев, ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын маданият, искусство, билим берүү жана илимдин көрүнүктүү ишмерлери катышты.

"Борборубуз Бишкек шаарында маданий искусствонун жана чыгармачылыктын бир нече түрлөрү боюнча жаш искусство лидерлеринин талантын аныктоого арналып өтүп жаткан Экинчи Дельфий оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи менен баарыңыздарды куттуктайм.

Дельфи оюндары — классиканын, искусствонун баардык өнөр түрүн камтыган чыныгы таланттардын таймашы. Андыктан, алдыдагы сапарыңар байсалдуу болсун",-деди мэр.

10 номинация — классикалык гитара, классикалык бий, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, көркөм окуу, театр искусствосу, элдик аспаптар, ди-джей, ошондой эле парадельф номинациялары ("жаңдоо тилинде ыр аткаруу" жана "хореографиялык искусство") боюнча мелдештерге  7 жаштан 14 жашка чейинки 400дөн ашык  бала  катышат.

Белгилей кетсек, Эл аралык Дельфи комитети менен кызматташуу ар кайсы өлкөлөрдөгү кадыр-барктуу уюмдар менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берип, баа жеткис тажрыйба алып келет.

Мелдештер жаш таланттарды издөө жана колдоо, кесипке багыт берүү жана кадрларды даярдоо, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун глобалдык системасы катары өнүгүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик, бекем ден соолук, ошондой эле бул маанилүү чыгармачылык жолго ийгиликтерди каалады.