«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын аймагына 850 көчөт отургузулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, төрт райондун акимдери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, муниципалитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, Роза Отунбаеванын фондунун, «Эко Деми» коомдук фонду жана Экосоветтин активисттери катышышты.

Мындан тышкары, борбордогу санитардык полигонду жашылдандырууга Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчиси жана биологдор катышты.

Ошентип, 2,3 гектар жерге токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Натыйжада, көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүндө болот.

Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын ишке ашырат.

Белгилей кетсек, буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, мындан ары аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.