Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда курулуш объектилерине пресс-тур өттү.

Биринчи объект борбор калаанын 10-кичи районунда жайгашкан №104 орто мектеп болду. Учурда алдын ала долбоордун негизинде имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, футбол, волейбол, баскетбол, воркаут, балдар аянтчалары орнотулуп, аймакты жашылдандыруу, унаа токтотуучу жай куруу иштери жүрүүдө.

Орто мектеп 1020 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 8000 чарчы метрди түзөт.

Подрядчы — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бири менен таанышып, Бишкек мэриясына имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү жана аймакты жашылдандыруу, андан ары орто мектеп катары пайдаланууну тапшырган.

Калаа башчысы Жибек Жолу проспектиси, 286 дарегиндеги мончо-ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышты.

Учурда ички жасалгалоо иштери, лифт жана меш орнотуу, жылуулук тармактарына туташтыруу, ошондой эле аймакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Курулуш аянтчасында жалпы аянты 2705,42 м2 болгон эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орундуу, эркектер үчүн 120, аялдар үчүн 120 орундуу.

Подрядчы — «Лидер Хаус» ЖЧКсы.