Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттер үчүн курулуш объектилеринде пресс-тур өткөрдү.

Мэрди анын орун басарлары жана район акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери коштоп жүрүштү.

Алгач Куттубаев көчөсүндө  болуп, анда жолдун негизин даярдоо,  жолдун үстүн тегиздөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, буга чейин Октябрь райондук акимиаты, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти  жана курулуш компанияларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлгөн.

Уюштуруу учурларын муниципалдык администрация, техникалык көзөмөл бөлүмү, ал эми каржылык жагын курулуш компаниясы  камсыздайт.

Биринчи этапта чыгыш тарабындагы узундугу 720 м болгон бир тилкенин сметалык баасы 38,9 млн сомду түзүп, көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген жер тилкелеринин аянтына жараша курулуш уюмдарына участоктор бөлүштүрүлгөн.

Подрядчик катары «Ысык Көл Дор Строй» ЖЧКсы тандалды, анда жол иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн бардык нерсе бар.

Экинчи объекти  билим берүү мекемелеринин отканаларын реконструкциялоо иштери менен таанышуу болду. Алсак, №74, 49, 54 мектептер көгүлтүр отунга өтүп жатат. Ошол эле учурда №7, 59, 15, 32, 35, 74 мектептерде жана №12 бала бакчада сэндвич-панельден жасалган газ отканаларынын курулушу аяктоо баскычында, башкача айтканда  ички жасалгалары калган.

№82, 96, 41, 98 мектептердин отканалары бүткөрүлдү. Газ түтүк тармагы жоктугуна байланыштуу №86 жана 99-мектептер электр менен жылытууга өтөт, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК менен келишим түзүлгөн.

Пресс-тур  тротуарлар жана коомдук транспорттун аялдамалары менен жыйынтыкталды.

Үстүбүздөгү жылы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу жалпы узундугу 30,2 чакырымды түзгөн 22 көчөдө тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 349502,1 миң сом суммасында, 90% аткарылды.

Мындан тышкары 454 543,76 миң сом кошумча каражатка узундугу 57,33 км болгон дагы 21 объект киргизилген.  Шаардын борборундагы тротуарларды оңдоо боюнча айрым участоктор дээрлик 70%, калгандары кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди демонтаждоодон улам 30% гана бүткөрүлүп, мөөнөттөрү өзгөрүлдү.

Бул багытта  «Бишкекасфальтсервис»  муниципалдык ишканасы жана 11 подряддык компания күчөтүлгөн режимге өттү. Мисалы, Медеров көчөсүнө Абай көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин ирригация жана бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөө гана калды.

Асфальт төшөөгө толук даяр көчөлөр:  Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектине чейин, Ибраимов көчөсү  Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, Исанов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш тарабы Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин, түштүк тарабы Панфилов көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жана Горький көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, жаңы коомдук транспорттун келиши менен  аялдамаларды реконструкциялоо уланууда.

Бул этапта 25 аялдама комплексин куруу пландаштырылууда, анын ичинен 4ү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти, 21и  «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан пландаштырылган.

Манас проспектиси менен Чүй проспектисинин кесилишинде 2 аялдама комплекси кеңейтилип, филармониянын алдындагы аялдама  3 метр артка жылдырылып, асфальт төшөлдү.

«Шампаньевинкомбинат» жана «Илимдер академиясы» аялдамаларынын айланасын иретке келтиришти, жакынкы убакта  аялдамалар орнотулат.

Фучик көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш мемориалдык комплексине чейин 8 аялдама болот.

Жакында Чүй проспектисинин боюнда «Ала-Тоо» кинотеатрынын жана Мамлекеттик салык кызматынын тушундагы аялдама комплекстерин кеңейтүү иштери башталат.

Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине аялдама комплексин орнотуу иштери бүткөрүлүп, бул үчүн жол 1,20 метрден 3 метрге чейин кеңейтилди.