Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Сот тармагынын кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Фемида кызматчыларына ак ниет жана жемиштүү иштегендиги үчүн жылуу сөздөрүн айтып,  Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы сот тармагынын кызматкерлерине биздин мамлекетте мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуу үчүн жогорку кесиптик деңгээлди жана албан ийгиликтерди  каалайт.